• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

COVID-19. Бишкек мэриясы жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат

COVID - 19 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калкка өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында "118" колл-борборунун жана мобилдик медициналык бригадалардын иши күчөтүлдү. "118" кызматында 12 линия эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин 2 нөөмөт менен иштейт.

Шаардыктарды илдеттен коргоо жана калкты эмдөө менен толук камтуу максатында шаардын ар бир районунда эмдөө пункттары жайгаштырылган.

Бишкек шаарынын аймагында 81 эмдөө пунктары иштеп жатат:

  • 19 ҮМБда жана 7 филиалында;
  • шаардык студенттер бейтапканасында;
  • спорттук-реабилитациялык борборунда;
  • ТЖОнын (Темиржолооруканасынын) бейтапканасында;
  • КРПжӨИБКОнын (КР президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын) бейтапканасында;
  • Кыргыз-Түрк ооруканасында;
  • 11 жеке медициналык борбордо;
  • 10 билим берүү мекемелеринде;
  • 20 дарыгердик амбулаторияларда;
  • 9 соода борборунда;

Мэриядан белгилешкендей, жарандарга төмөнкү вакциналар сунушталат: SinoPfarm, AstraZeneca, Pfizer, Спутник-Лайт, Moderna.

"Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөөдөн өтүүнү суранабыз. Эмдөө коронавирус менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий