• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Бишкек мэриясынын кызматкерлери вакцина алууда

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери COVID-19га каршы «Синофарм» вакцинасын алууну улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, республикага «Синофарм» вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келген, анын 240 миң дозасы борборго бөлүнгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир адамды ден соолукту сактоого жана коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөө жүргүзүүгө чакырат.

Вакцинация - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма.

Пикир

Оставить комментарий