• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Бишкекте 12 стационар иштөөдө. Учурда 426 орундук бош

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте коронавирус менен ооругандарды дарылай турган 1 миң 275 орундуу 12 стационар иштөөдө. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифингде билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 849 бейтап дарыланууда: анын 525и орто оор, 258и оор, 64ү өтө оор абалда жана 73ү реанимация бөлүмүндө жатат. Учурда 426 орундук бош.

“Борбор калаада коронавируска чалдыккан адамдардын саны күн сайын өсүүдө. 25-майга карата 144 жаңы учур катталды. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта 14 миң 331 адам үй карантинине алынган. Анын 10 миң 997си байкоодон чыгарылган. Бүгүнкү күндө 5 миң 47 адам дарыгердин көзөмөлүндө”, - дейт ал.

Шамырканова кошумчалагандай, январдан баштап 25 мобилдик бригада 27 миң 408 жолу чыгуу жасап, 29 миң 640 ирет ПЧР-тест алган.

Пикир

Оставить комментарий