• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Бишкекте 4 мектеп жана 3 бала бакча карантинге жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарында 4 мектеп жана 3 бала бакча коронавирус оорусуна байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19 мектеп карантинден кийин салттуу окутуу режимине кайтты.

Ошентип, Ленин районундагы №9, 13 мектептер жана Октябрь районунда №14 мектеп онлайн форматта окуп жатат.

Ошондой эле №104, 148 жан 61 бала бакчалар карантинге жабылган.

Салттуу окутуу режимине Октябрь районундагы №17, 26, 62, 88; Биринчи май районундагы №6, 18, 28, 70, 61, 48; Свердлов районундагы №4,11,12,30,32,38,67,52, 33 мектептер кадимки окууга кайтты.

“Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар. Сиздерди жана сиздердин жакындарыңыздарды сактоонун төрт гана эрежеси бар: бет кап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң башкысы эмдөөдөн өтүү”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий