• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Бишкекте бейтаптарды кабыл алуу үчүн үч оорукана иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бишкекте COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн үч оорукана иштеп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын амбулатордук-диагностика бөлүмүнүн башчысы Нургул Молдалиева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы, Улуттук хирургия борбору, №2 клиникалык төрөт үйү коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алууда.

“Биздин ооруканада 4 медициналык бригада 6 сааттан алмашып иштеп жатышат. Медициналык кызматкерлерибиз үчүн атайын жатакана даярдалган. Алгачкы күндөн тартып клиникалык ооруканада COVID-19 жана башка жугуштуу оорулар боюнча жарандар үчүн маалыматтык блокко айланган 0312 59-01-54 номери боюнча Call-борбор ачылган жана ал жерде медициналык кызматкерлер иш алып барышат”, - деди Молдалиева.

Пикир

Оставить комментарий