• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Бишкекте Спутник V вакцинасын алууну каалагандар үчүн дагы эки пункт ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

- Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 64 45 57; 0505 111 330;
- Свердлов районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 63 51 22; 0505 286 670.
- Октябрь районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 57 09 15; 0703 293 793;
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 32 55 71; 0550 701 002;
- Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №2- Үй-бүлөлүк медицина борбору - 21 03 08; 0553 116 364;
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №7- ҮМБ, - 62 09 62;
- Свердлов районун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №8- ҮМБ - 43 39 03; 0551 117 744.

Эске сала кетсек, Спутник V вакцинасын 60 жаштан жогорку адамдар, өнөкөт оорулары бар адамдар үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу менен ала алышат.

"Sinopfharm" вакцинасынын экинчи дозасы менен эмдөө №4, 9, 14, 15, 16, 17, 19 - ҮМБда, Студенттердин шаардык поликлиникасында, Темир жол ооруканасынын поликлиникасында дагы уланууда.

Эске салсак, эмдөөдөн өтүү үчүн адамдын паспорту болууга тийиш, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин СЭЗдеги COVID-19га каршы эмделгендердин базасына киргизилет.

Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча "Эмдөө" ишеним телефонуна: 31 32 97, 0500 303 343 жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө: 0500 303 343, 54 65 21, 54 61 04 кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий