• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

COVID-19. Бишкекте эмдөөнүн натыйжалуулугу тууралуу түшүндүрүү иштери уланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын райондук администрациялары эмдөөнүн натыйжалуулугу тууралуу маалымат берүүнү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук администрациясы Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог-иммунолог дарыгери менен биргеликте райондук милиция кызматкерлерине эмдөө боюнча лекция өткөрдү. Лекцияга 85тен ашык кызматкер катышты.

Ал эми Ленин райондук администрациясы тарабынан райондун аймагында жайгашкан жогорку жана орто атайын окуу жайлардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ленин районундагы №1 БҮМБнын директорунун орун басары шаар тургундарына эмдөөнү киргизүү боюнча түзүлгөн кырдаалга токтолду.

Бүгүнкү күндө Ленин районунун аймагындагы 11 жогорку окуу жайынын 12 миң 648 студенти жана 11 орто атайын окуу жайынын 13 миң 33 студенти вакцинаны алышкан.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий