• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Бишкекте илдеттен айыккандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бишкекте коронавирус илдетинен айыккандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-июлда борбор калаада 575 адам коронавирус илдетинен айыкты.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 726 учурду түзсө, 593 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 233, Биринчи май району - 101, Октябрь району - 144, Свердлов району - 115. Шаарда каттоосу жок - 133. Жалпы учурлардын ичинен 681 учур белгилери бар, 45 учур белгилери жок, 658 учур амбулатордук дарыланууда, 68 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 6 өлүм учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий