• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Бишкекте каалоочулар вакцинаны убактылуу пункттардан ала алат

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бишкекте убактылуу эки вакцинация борбору жайгаштырылды, ал жерде каалоочулар коронавирус инфекциясына каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми шаардыктар жана борбор калаанын коноктору Кытайдын "Синофарм" вакцинасын Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана "Ден соолук" сейил багынын аймагында жайгашкан медициналык эмдөө пункттарынан ала алышат.

"Эмдөө ыкчам жана бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Алар күн сайын саат 17:00дөн 21:00гө чейин иштейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эмдөөгө келгендердин паспорту жанында болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук ден соолук борборунун COVID-19 эмдөөсүнө каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн базасына киргизилет.

Вакцинация боюнча ишти Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору (МСЭКБ) координациялайт.

Бардык суроолор боюнча РИБ: 32 31 27; 32 30 11 телефон номери боюнча, ошондой эле МСЭКБнын Иммунопрофилактика бөлүмүнүн 0500 303 343, 54 65 21 жана 54 61 04 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот. Иш убактысында чалыңыздар, телефондор күнү-түнү иштебей тургандыгын эскертебиз.

Белгилей кетсек, республикага кытайлык "Синофарм" вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келген, анын 240 миң дозасы борбор калаага бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий