• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Бишкекте ҮДБ кызматкерлеринин 70%ы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарында медициналык кызматкерлер арасында коронавирус инфекциясына каршы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин 70%дан көбү эмдөөдөн өтүштү, кээ бир борборлордо кызматкерлердин эмделүүсү 95%га чейин жетет. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Рыскулбекова Айнагул брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, СП - 99%, №11 ҮДБ - 95%, №7 ҮДБ - 91%, №16 ҮДБ - 87%, №9 ҮДБ - 88%, Октябрь районунун 81% дан 98,6% га чейин медициналык кызматкерлери эмдөөдөн өтүшкөн.

«Ал эми мугалимдер арасында Ленин жана Свердлов райондук билим берүү боюнча мекемелеринде 76% дан 92%га чийинкиси эмделишти. Жалпысынан Бишкек шаары боюнча мугалимдердин 79,75%, тарбиячылардын 93,50%, тарбия жардамчылырынын 49,46%, муниципалдык кызматкерлердин 68,79%ы эмдөөдөн өтүшкөн», - деди ал.

Рыскулбекова белгилегендей, негизги максат - вирустун адамдан адамга өтүшүн токтотуу. Бул, албетте, жапырт эмдөө аркылуу гана болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий