• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Бишкекте Медициналык академиянын убактылуу жугуштуу оорулар бөлүмү жабылды

Ден соолук 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-август күнү И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн ачылган убактылуу жугуштуу оорулар бөлүмү акыркы бейтап чыгарылгандан кийин жабылды. Бул тууралуу Медициналык академиядан билдиришти.

"Медициналык академиянын мугалимдери, ординатор жана студенттеринен турган дарыгерлер, кенже медициналык кызматкерлер "кызыл зонада" ыктыярдуу түрдө иштешти. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн иши Саламаттык сактоо министрлиги, айрым медициналык жана башка мекемелер, ата мекендик жана эл аралык демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынды", - деп билдиришти Медициналык академиядан.

Жугуштуу оорулар бөлүмүн жабуу учурунда Медициналык академиянын кызматкерлери "Кош коронавирус" аталышында флешмоб өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий