• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19. Бишкекте рейддер уланууда. Үч билим берүү борборуна жана бир бала бакчага айып салынды

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана талаптарга ылайык рейддик иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, МАБдын, Свердлов районунун РИИБнин жана Санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

белгилей кетсек, райондо 9 билим берүү борбору жана 48 жеке менчик бала бакча бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында үч билим берүү борборуна - "Эклектика", "Филос", "Тил академиясы" жана 1 жеке менчик "Джуниор Парк" бала бакчасына айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий