• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. Бишкекте студенттерге эмдөөнүн натыйжалуулугу тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиаты №1 БҮМБ жана №2 ҮМБ медицина кызматкерлери менен биргеликте К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери үчүн жолугушууларды уюштурду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу маалыматтык-билим берүү материалдарын таратуу менен окуучуларды жана мугалимдерди эмдөөнүн маанилүүлүгү менен тааныштыруу жана маалымдоо максатында өткөрүлүп, ага 3 миңден ашык студент катышты.

Катышуучулар адистерден эң актуалдуу маалыматтарды билип, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Бул багыт боюнча иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий