• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Бишкекте жума намазды жана ооз ачырууну токтотуп турууну сунушташты

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкекте жума намаз, айт намаз жана ооз ачыруу сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотуп турууну сунушташты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган калаадагы эпидкырдаалга байланыштуу шаардык казыятка кат жөнөткөн.

Ал чечимди казыят кабыл ала тургандыгын айтып, муфтият эч кандай чара көрбөй койсо, анда ведомство башка жолдорун издей тургандыгын кошумчалады.

Муфтияттын агенттикке кат азырынча келе электигин билдиришти.

Эске сала кетсек, Бишкекте 23-апрелге карата 148 адамга коронавирус жаңы жуккандыгы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий