• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

COVID-19. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы орундуктардын санын кыскартты

COVID - 19 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы абалдын турукташканына байланыштуу коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн орундуктардын санын кыскартты. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инфекциялык оорукана негизги багыт боюнча ооруларды кабыл алууну улантат.

“2-март саат 10.00гө карата коронавирус менен жабыркаган бейтаптар үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 69 бош орундук, ошондой эле №2 клиникалык төрөт үйүндө 15 бош орундук бар”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий