• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Бишкектин №1 шаардык ооруканасында кошумча 132 орундуу бир стационар ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасында кошумча 132 орундуу бир стационар ачылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жана Чүйдө эпидкырдаал кооптуу болууда, ал эми өлкөнүн түштүк аймагында абал туруктуу.

“Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкунуна 2 этапта даярдык жүрүүдө. Өлкө аймагында ооруканаларда жалпы 2 миң 361 орундук даярдалган. Анын 255и реанимацияга ылайыкталган. Учурда 1 миң 125 орундук бош. Ал эми Бишкекте керебеттердин саны чукул азайганына байланыштуу кечээ кошумча 132 орундуу бир стационар ачылды. Борбор калаада учурда 281 орундук бош”, - дейт ал.

Рахматуллаев учурда “кызыл зонада” 214 дарыгер, 403 медайым иштеп жатканын айтат.

“Ал стационарда 2 миң 833 кычкылтек концентратору жана жасалма дем алдыруучу 289 аппараты бар”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий