• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Битир садаканы РСК Банкынын банкоматтары, мобилдик банкинг аркылуу берүүгө болот

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда жарандар битир садаканы, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарандарыбыз үчүн 2020-жылдагы бири садаканы берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты. Эми жарандарыбыз битир садака, зекетти Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын РСК Банктагы эсебине РСК Банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот", - деп билдиришти муфтияттан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда битир садака киши башына 1,6 кг буудай (35 сом), 1,6 кг ун (60 сом), 1,6 кг мейиз (384 сом) же 3,2 кг арпа (54 сом), 3,2 кг курма (512 сом) деп эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий