• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Биздин жеңишибизге аз калды – Бишкек шаарынын коменданты

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Коронавирус менен болгон күрөштө биздин жеңишибизге аз калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Бүгүнкү күндү жакшы кабар менен баштагым келип турат. Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстан боюнча ооругандарга караганда айыккандардын саны бир топ өсө баштады. Мындан улам баарыбыздын, дарыгерлердин, милиция жана социалдык кызматкерлердин бул илдетке каршы бекем туруп, жасаган иш-аракеттери текке кеткен жок. Биздин жеңишибизге аз калды. Бирок азыркы тапта утуш биздики деп кайдыгерлик кылганга болбойт", - деп ал, себепсиз сыртка чыкпай, санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий