• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 боюнча акыркы маалыматтар: 14 адамдан табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус 14 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 13 адам илдеттен сакайып чыгып, эки адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 57 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 923 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий