• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар. 35 жаңы учур катталып, эки кыргызстандык көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 20-февралга карата коронавирус 35 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 7, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 142 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 248 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 457 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 322 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 99 киши айыгып чыкса, 2 миң 944 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий