• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар: Жаңы 7 учур катталып, 23 бейтап сакайып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 20-мартка карата коронавирус 7 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 23 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 91 бейтап, амбулатордук түрдө 87 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 809 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 68 киши айыгып чыкса, 2 миң 979 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий