• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика: 108 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 118 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 510 киши айыгып чыкса, 2 миң 697 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий