• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19 боюнча статистика. 27 жаңы учур катталып, 113 кыргызстандык сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус 27 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 113 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 173 бейтап, амбулатордук түрдө547 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 527 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 274 киши айыгып чыкса, 2 миң 958 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий