• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика: 41 жаңы учур катталып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 28-ноябрга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 88 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 427 бейтап, амбулатордук түрдө 495 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 248 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 48 киши айыгып чыкса, 2 миң 741 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий