• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19 боюнча статистика: 43 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-ноябрга карата коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий