• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика: 53 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-декабрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 18, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 404 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 332 киши айыгып чыкса, 2 миң 749 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий