• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика: 67 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 27-ноябрга карата коронавирус дагы 67 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 21, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда –10, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 91 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 418 бейтап, амбулатордук түрдө 552 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 207 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 960 киши айыгып чыкса, 2 миң 740 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий