• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика: 70 жаңы учур катталып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25-ноябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 457 бейтап, амбулатордук түрдө 579 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 66 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 760 киши айыгып чыкса, 2 миң 734 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий