• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-декабрга карата коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 23, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 279 бейтап, амбулатордук түрдө 327 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 477 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 589 киши айыгып чыкса, 2 миң 795 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий