• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 44 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25-декабрга карата коронавирус дагы 44 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 283 бейтап, амбулатордук түрдө 347 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 439 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 545 киши айыгып чыкса, 2 миң 792 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий