• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 боюнча статистика: Бир суткада 34 адамдан табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-декабрга карата коронавирус дагы 34 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 47 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 389 бейтап, амбулатордук түрдө 314 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 965 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 9 киши айыгып чыкса, 2 миң 770 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий