• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 боюнча статистика. Илдет 201 адамдан табылып, беш бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2-февралга карата коронавирус 201 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 104, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 632 адам илдеттен сакайып чыкты, беш кыргызстандык каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 996 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 530 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 719 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 775 киши айыгып чыкса, 2 миң 889 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий