• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика. Илдет 202 адамдан табылып, 3 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 107, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 591 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 966 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 784 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 164 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 983 киши айыгып чыкса, 2 миң 896 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий