• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19 боюнча статистика: Илдет 59 адамдан жаңы табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 1-январга карата коронавирус дагы 59 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 33, Чүй облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 45 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 256 бейтап, амбулатордук түрдө 333 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 748 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 871 киши айыгып чыкса, 2 миң 802 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий