• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19 боюнча статистика. Илдеттен 69 адам сакайып, жаңы 16 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 5-мартка карата коронавирус 16 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 69 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 155 бейтап, амбулатордук түрдө 318 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 615 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 600 киши айыгып чыкса, 2 миң 963 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий