• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Быйыл Бишкекте “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Зульфира Хайбуллина өзүнүн фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

Хайбуллина пандемиядан улам жүрүш болбой турганы тууралуу чечимди Республикалык штаб чыгарганын жазат.

“Бул деген биз көнүп калган жеңиш маршынан өтүү мүмкүнчүлүгүнөн кайра ажырап калдык дегендик. Тилекке каршы, мурункудай шаардын көчөсүн бойлой жүрүш болбойт. Бирок биз сүрөттү колубузга алып, беткап кийип, аралыкты сактоо менен Өчпөс отко келип, гүл коебуз”, - деп жазат ал.

Зульфира Хайбуллина ошондой эле ар бир каалоочу “Өлбөс полктун” атайын ачылган сайтына каттала аларын кошумчалайт.

Эскерте кетсек, былтыр, 2020-жылы коронавирустан улам “Өлбөс полк” жүрүшү онлайн режиминде өткөн.

Пикир

Оставить комментарий