• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Чүй облусунда 400дөн ашуун стационардык орундар даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Чүй облусунда 400дөн ашуун стационардык орундар даярдалууда.

ӨКМ башчысы Замирбек Аскаров өлкө аймагында коронавирус илдетин жайылтпоо, алдын алуу жана ооруга чалдыккан жарандарга шарттарды түзүү максатында ар бир областтык башкармалыктардын жетекчилерине бир сутка ичинде стационардык орундуктарды даярдоо тапшырмасын берген.

Анын негизинде КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан облус аймагында 400дөн ашуун күндүзгү стационардык орундар даярдалууда.

Алар төмөндөгүдөй бөлүнөт:

-Сокулук районунун аймагында күндүзгү стационарга колдонууга 65 орун;
-Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы “Макаренко” атындагы интернатында күндүзгү стационарга колдонууга 80 орун;
-Москва районунда 150 орун;
-Ысык-Ата районундагы “Родничок” балдар бакчасында күндүзгү стационарга колдонууга 30 орун;
-Кемин районунун №19 кесиптик лицейдин базасында 50 орун;
-Чүй районунда “Марков” атындагы №1 орто мектебинин спорт залында күндүзгү стационарга колдонууга 40 орун даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий