• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

COVID-19: Дүйнө калкынын үчтөн бири карантин шартында жашап жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөнүн ондогон өлкөсүндөгү 2,6 миллиарддан ашык адам карантин режиминде жашап жатат. 24-март күнү кечинде Индиянын 1,3 миллиард тургунуна карата чектөө чаралары киргизилди.

Францияда медицина тармагындагы адистер өкмөткө 17-мартта киргизилген карантинди алты жумага узартууну сунушташты.

Шейшемби күнү Куба чек араларынын жабылганына байланыштуу чет өлкөлүк туристтерди карантинге жайгаштыра баштады.

24-мартта Кытайдын Хубей провинциясында чектөө чаралары алынып, дени сак адамдардын аймактан чыгуусуна уруксат берилди. Эпидемиядан эң көп зыянга учураган Ухань шаарында карантин эрежелери 8-апрелден тартып жумшартылат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 422 миңден ашты. 19 миңге жакын адам каза болуп, 108 миңден ашыгы айыгып чыкты.

Эң көп адам курмандыктары Италияда катталды – вирус жуктурган 69 176 кишинин 6820сы каза болду.

Пикир

Оставить комментарий