• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Дүйнө жүзүндө эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 млрд 20 млн адамды түздү

Дүйнө 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-августуна карата дүйнөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 млрд 20 млн адамды түздү. Бул тууралуу «Наш мир в данных» илимий онлайн-басылмасы билдирет.

Басылманын маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 29,9%ы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган, ал эми 15,4%ы толугу менен эмделген.

Лидер өлкөлөрдүн тизмесинин сап башында АКШ турат – 166,2 млн адам, Индия – 112,43 млн адам, Германия - 45,33 млн адам, Бразилия – 45,19 млн адам, Япония – 41,56 млн адам, Улуу Британия – 39,21 млн адам, Франция – 33,36 млн адам, Италия - 33,27 млн адам, Түркия – 28,57 млн адам, Испания – 28,26 млн адам, Россия – 27,5 млн адам, Мексика – 27,13 млн адам, Индонезия – 23,35 млн адам, Канада – 23,24 млн адам, Польша – 17,86 млн адам.

Пикир

Оставить комментарий