• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Дагы 130 медкызматкер 200 миң сомдон кенемте алат - Сурабалдиева

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Иш учурунда коронавирус жуктурган дагы 130 медкызматкер 200 миң сомдон кенемте алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 479 медицина кызматкерине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилген.

“Комиссиянын кароосуна жалпы 2 миң 550гө жакын арыз келип түшкөн. Учурда 479 медицина кызматкери 200 миң сомдон алган. Дагы 130 медицина кызматкеринин документтери кенемте төлөө үчүн даярдалууда. Ошондой эле коронавирустан каза болгон 29 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилген. Учурда дагы 4 документ даярдалып жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий