• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Дары-дармектердин 2-3 айлык запасы бар – Сурабалдиева

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. COVID-19ду дарылоодо колдонулган дары-дармектердин 2-3 айлык запасы бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева билдирди.

“Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда дарылардын запасын кармоо боюнча чечим болгон эмес. Коронавирустун биринчи толкуну, ал маселеге көңүл буруу керектигин көрсөттү. Жакында Материалдык резервдер фонду тарабынан 250 млн сомго дары-дармектер сатып алынат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен Саламаттык сактоо министрлигинин 25-ноябрга берген маалыматына ылайык, саламаттык сактоо мекемелеринде дары-дармектердин запасы 2-3 айга жетет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий