• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Дарыгерлер менен милиционерлер керектүү нерселер менен камсыздалат

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Дарыгерлер, милиционерлер, аскер кызматкерлери өзгөчө абал мезгилинде керектүү нерселер менен камсыздалат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда иштеп жаткан укук коргоо орган кызматкерлерине коргоочу кийимдер берилүүдө.

"Ысык тамак-аш меселеси чечилген. Муга чейин ар бир түзүм өз кызматкерлерин өзү камсыз кылып келген. Эми мунун баарына Республикалык штаб жооп берет. Андан тышкары, саламаттык сактоо мекеме жетекчилери жумушчуларын микроавтобустар менен камсыз кылууга милдеттендирилген", - деп билдирди ал.

Боронов кошумчалагандай, өкмөт дарыгерлер үчүн негизги айлык маянасынан тышкары кошумча каражат төлөп берүү боюнча атайын буйрукка кол койду.

Эске сала кетсе, 30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 49, Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 7 , Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий