• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Эне сүтү - бала үчүн антитело болот

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынан сакайган энеде иштелип чыккан антителолор сүт аркылуу балага берилет. Бул боюнча Бишкек шаардык №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Бактыгүл Мизамова билдирди.

Анын айтымында жарык дүйнөгө келген ымыркайдын саламаттыгын эне сүтү жүз пайызга сактайт.

“Эненин сүтү ымыркайды бир гана COVID-19 илдетинен эмес, башка жугуштуу жана кооптуу оорулардан коргойт. Анткени эне сүтү баланын иммунитетин бат көтөрөт жана ар кандай ооруларды алдын алат”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бардык аймактарында ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму демилгелеген эне сүтүнүн баалуулугун жайылткан “Бала эмизүү” жумалыгы өтүүдө. Иш-чара 1-августтан 7-августка чейин өтөт. Анын алкагында болочок энелерге жана бала эмизип жаткандарга наристени алты айга чейин жалаң эне сүтү менен багуунун пайдасы түшүндүрүлөт.

Бул жылы аталган жумалык “Жер жүзүндөгү саламаттыкты чыңдоо максатында эне сүтү менен эмизүүнү колдойбуз. COVID-19 - бул эне сүтү менен эмизүүгө жасалган аракеттерди күчөтүү үчүн мүмкүнчүлүк” аттуу ураан менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий