• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Эртең Түрк кеңешинин лидерлери кезексиз саммитке чогулат

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Эртең, 10-апрелде Түрк кеңешинин лидерлери коронавирус пандемиясына байланыштуу кезексиз саммитке чогулат. Бул тууралуу Түрк кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын кезексиз жыйыны видеоконференция аркылуу өтүп, анда "COVID-19 ылаңы менен күрөшүүдө орток кызматташуу" деген теманын алкагында талкуу болот.

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин демилгеси менен өткөрүлө турган эртеңки саммитке Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев катышат.

Андан тышкары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус дагы видеоконференцияга катышат.

"Мамлекет башчылары эртеңки жыйындын алкагында коронавируска каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик деңгээлде аткарылып жаткан жумуштар боюнча өз ара маалымат алмашып, саламаттыкты сактоо багытында ар тараптуу кызматташуу жана чөлкөмдө COVID-19 коронавирустук инфекциясы чыккандан кийин пайда болгон маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Түрк кеңешинин лидерлери коронавирустун мамлекеттик жана глобалдык экономикага тийгизген терс таасирин жоюунун жолдору, каржы кризиси жана илдеттен кийинки мезгилдеги соода-сатык байланыштарын улантуу, транспорттук каттамдарды кайра түзүү боюнча аракеттер жана келечек пландар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүшмөкчү.

Саммиттин соңунда өлкө башчылары тарабынан Биргелешкен декларацияга кол коюлары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий