• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Эртең Түркиядан 18 кыргызстандык медкызматкер жардамга келет

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эртең, 15-июлда Түркияда иштеген 18 кыргыз дарыгери COVID-19га каршы күрөштө жардам учуп келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 6-июлдан 13-июлга чейин 44 ыктыярчы кайрылды. Анын ичинен 17 адам ишке орношту - 6 дарыгер жана 11 медайым.

“Москвадан 5-июлда 14 дарыгер, 12 медайым келсе, 12-июлда 45 адам келген, Екатеринбургдан 7-июлда 2 дарыгер, 3 медайым, 13-июлда 2 дарыгер, 2 фельдшер, 1 медайым келген. Новосибирск шаарынан 9-июлда 3 дарыгер келсе, 16-июлда 9 волонтер келет”, - дейт ал.

Өкмөт башчы кыйын кырдаалда жардамге келген баардык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий