• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Үй шартында 2 миң 627 адам, ооруканаларда 551 бейтап дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2 миң 627 адам дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Cаламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканаларда 551 бейтап дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 124 киши, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 39, Ош облусунда – 82, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 72, Жалал-Абад облусунда – 95, Талас облусунда – 24, Баткен облусунун ооруканаларында 90 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 68 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 526ны түзөт. Алардын ичинен 40 миң 158 киши айыгып чыкты, 1 миң 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий