• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Үй шартында 3 миңден ашык адам дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан үй шартында 3 миң 4 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканаларда 601 бейтап дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 124 киши, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 90, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 91, Жалал-Абад облусунда – 91, Талас облусунда – 20, Баткен облусунун ооруканаларында 102 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 55 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 458ди түзөт. Алардын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий