• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Үй шартында дары-дармек ичүү негизсиз – Чолпонбаев

COVID - 19 0


Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Үй шартында дары-дармек ичүү негизсиз. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, эң негизиси снитардык-гигиеналык эрежелерди сакташ керек жана убагында тамак ичип, иммунитетти көтөрүш керек. “Кошуна же жакын турган адамдар сунуш берген күндө да биринчи кезекте дарыгерге кайрылыш керек. Мен министр катары андай кылуунун кажети жок экенин айтып кетем. Эгер кандайдыр бир белгилер байкалса медициналык кызматкерге кайрылуу керек”, - дейт Чолпонбаев.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий