• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Индияда эмделгендердин саны 1 млрд адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Индияда 1 миллиарддан ашуун адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Бул тууралуу Индиянын саламаттык сактоо министри Мансух Мандавия билдиргендигин РИА Новости агенттиги жазды.

“Индияны куттуктайм!” – деп жазган Мандавия Twitter`ге Индияда коронавируска каршы 1 000 000 153 адам эмделди деген сүрөттүн алдына.

Ошону менен Индия 1 миллиарддан ашуун калкы коронавируска каршы эмделген экинчи өлкө болду. Сентябрдын башында Кытай бийлиги COVID-19га каршы эмделгендердин саны 1 млрд адамга жеткенин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий