• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган медкызматкерлердин көбү Бишкекте

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-апрелге карата 98 медкызматкер COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, алардын ичинен Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 28, Жалал-Абад облусунда – 8, Ош облусунда – 20, Баткен облусунда – 2, Чүй облусунда – 1 жана Нарын облусунда – 6 медкызматкер бар.

Алардын ичинен:

  • Дарыгерлер - 27,
  • Орто медперсонал - 43,
  • Кенже медперсонал - 23,
  • Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери - 5.

Пикир

Оставить комментарий